Menu

Сарыбашев парасыз иштей албаган көзөмөл бекетинин жетекчилигине катуу ачууланды!

Бөлүшүү:

Кыргызстандын түштүк башкалаасынын кире беришинде жайланышкан “Достук-унаа жол” көзөмөл өткөрүү бекетиндеги мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары туурасында Араван. Ноокат жана Өзгөн райондорундагы элдик жыйындарда жергиликтүү тургундар Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовго абдан катуу даттанышкан.

Ушундан улам Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов “Достук-унаа жол” көзөмөл өткөрүү жайына атайылап баш бакты. Адегенде кезметте турушкан чек ара, бажы, транспорт жана ветеринардык кызматкерлерге жолугуп, алардын дарегине абдан ачуу сын агытты.

– Эки эл ортосундагы мамиле соңку тапта жакшы нукка бурулуп бараткан маалда барыңар таза жана ак кызмат кылып, жарандарга абдан сылык мамиле жасагыла! Мындан тышкары дайыма мыйзам чегинен чыкпаган гана иш алып баргыла? Эгерде эл арасында дагы деле Силерге карата
ишенбөөчүлүк көрсөткөн маанай байкалса, анда эч кимиңерди аябайбыз! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов.

Ушундан кийин Таалайбек Сарыбашов эки тарапка өтүп жаткан жарандар менен ачык пикир алышып, аларга карата мамиле жана тейлөө тууралуу дагы кен-кесири пикир алышты. Ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык, санитардык-эпидемиялык көзөмөл кызматтарынын шарттары менен дагы таанышып, алардын иштөө жараянын бир сыйра көздөн кечирди.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: