Жаңы өкмөттү бекитүүнүн эң эле «орчундуу» окуясы Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага байланышпадыбы. Деги биздегидей жетекчи, министрлер ааламдын бир да булуң бурчунда жок болсо керек. Дегеним, «Жаңы келген мугалим орточо канча эмгек акы алат?» – деген конкреттүү соболго мының-мының этип, түзүктөп жооп бере албаган бул министр коомчулукту өзүнө каршы козутуп алды. Министр башы менен кол астындагы кызматкерлер болжолдуу канча айлык акы алаарын билбеген министр эмне менен алек болот деги? Эгер мугалимдердин айлыгы тууралуу кызыкпаса, анда алар окутуп аткан окуучуларды кайсы маалда ойго алат? Биз келечек муунубуз, өз балдарыбыз татыктуу билим алып, турмуштан ордун тапса деген изги тилек менен ишеним артып келебиз. Бирок, министр айым бул «кылыгы» менен биздин ишенимге тикеден тик туруп эле «ушатып» койду го. Мындай кылыгынан соң абийир астында отставка берсе, өзүн эң таза сактап калат эле. Бирок, Кудайбердиеванын кудурети буга да жетпеди. Өкүнүчтүү… Бул жылкы билим күнүн билим министри Гүлмира айымдын хохмасы менен баштадык. Мугалимдеринин тагдырын ойлобогон министр окуучулардын абалына күйөт деп эми ким ишенет?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ