31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыз эгемен мамлекет болгон күнү.
Быйыл туура жыйырма алты жашка чыкты десек болот. Бул күн тарыхый күн, бул күн ыйык күн. Мына ошол кубанычтуу күн Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда белгиленбей калды. Жергиликтүү тургундар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шалаакылыгынын айынан мамлекетинин көз карандысыз болгон күнүн майрамдай албай калышты. Майрамдык иш-чараны уюштура албаган аким менен мэр мамлекеттин чыккынчыларыбы деген ойго келет экенсиң. Бул жаатта өкмөт тарабынан атайын чара көрүлүшү керек деп ойлойбуз.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ