Эки эл аралык укук коргоо уюму “Азиада” оюндарынын алдында Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын тургундарынын кыймылсыз мүлккө болгон укуктары одоно бузулуп жатканын билдиришти.
Нью-Йорктогу “Хьюман Райтс Уотч” жана Венадагы “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” уюмдары 4-сентябрда тараткан билдирүүдө өкмөт айрым тургундарды турак жайларынан күчтөп чыгарып, аларга жетиштүү компенсация берилбей жатканы айтылат.
“Оюн болгону он күнгө созулат, ал эми турак-жайсыз калган жарандар жакшы компенсация алышпаса, узак жылдар бою азап тартышат”,-деди “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” уюмунун аткаруучу директору Фарид Тухбатуллин.
Укук коргоочулар турак жайлары түрттүрүлгөн тургундар сотко арыздана албай жатканын да белгилешкен. Түркмөн бийлиги бул айтылгандарга жооп бере элек.
Азиа оюндары 17-27-сентябрда өтөт. Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири саналган Түрмөнстанга он миңдеген чет өлкөлүк спортчулар келет деп күтүлүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ