Menu

Нурсултан Азыкбаев, “Жаңы толкун” – 2016 сынагынын катышуучусу: “Фестиваль мен ойлогондой болгон жок, анткени…”

Бөлүшүү:

 

Сентябрь айынын башында Москванын Сочи шаарында өткөн “Жаңы Толкун” музыкалык фестивалына барып катышып, көп ырчынын арасынан төртүнчү орунга ээ болгон Нурсултан Азыкбаев редакциябызга келип кыскача маек куруп берди… 

Нурсултан, жеңишиң кут болсун! Редакциябызга куш келипсиң…

Рахмат, “Жаңы толкунга” бала кезимден эле катышсам деп кыялдана берчү элем. Жашым кичине болгондугуна байланыштуу бара албай келген элем. Быйыл жашым жеткендиктен, бул жактагы калыстар тобу мени тандап жөнөткөндүгүнө байланыштуу барып катышып келдим. Жаман эмес. Төртүнчү орунга ээ болдум. Чынында фестивалга аябай даярдангам. Уктабай даярданган күндөрүм болгон.

-Даярдап барган ырыңды ырдабай, башка ырды ырдап калууңа эмне себеп болду?

Чынын айтыш керек, калыстар тобунун, уюштуруу тобунун иш аракети жаккан жок. Кандай даярдык көрсөң ошондой ырдап, өнөрүңдү тартуулап келсең жакшы эмеспи. Тилекке каршы андай болбойт экен. Мен ойлогондон такыр башкача экен. Эгер андай күтүүсүз өзгөрүүлөр боло турган болсо, анда алдын ала айтып коюшса дейсиң. Ойлогон ой-пландардын баары аткарылбай калды. Бардык катышуучулар режиссер Александр Ревзиндин элегинен өттүк.  Анын койгон талаптары, сунуштары менен даярданып сахнага чыгып жаттык. Мен Стингдин ырын аткарганда флейтада ойноп коштоп берсем деген оюмду айтсам, “Кайырмасын флейтада ойноо аздык кылат” – деп койду. Кошумча өзүмдүн «Аттиң, ай» деген ырымдын ордуна режиссердун жана композитор Игорь Крутойдун сунушу менен ушул эле сынакта Арсен менен Айбек Замиров аткарган «Чувства мои» чыгармасын ырдадым.

 Григорий Лепс менен ырдамак эмес белең, эмнеге ырдабай калдың?
– Сынактын экинчи бөлүгү Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, композитор Виктор Дробыштын чыгармачылыгына арналган. Бул күнү биз атактуу орус ырчылары менен дуэт ырдамакпыз. Сынакка бир күн калганда Григорий Лепстин атынан чалышып, ырчынын ордуна шакирти Ромади барарын айтышты. Чынын айтсам, Ромадини ошол жакка барганда тааныдым. Экөөбүз бир күн мурун таанышып, эки саатча даярдангандан кийин сахнага чыктык. Даярдыгыбыз да жакшы болгон жок. Ромади талаптарды жакшы аткарбай койду. Анын ырдаганы мени канааттандырган жок.

– Стилиңер өзгөчө болгонун айтып жатышат, сахнага өзүң тандаган кийим менен чыктың беле?
– «Жаңы толкун» сынагынын ичинде дизайнерлердин да сынагы өткөрүлөт. Ага да аттуу-баштуу дизайнерлер ат салышат. Бир катышуучуга 2-3 дизайнер кам көрүп жатты. Бардык кийимдерибизди режиссер Александр Ревзиндин уруксаты менен кийдик. Анткени сырткы келбетибиз, кийингенибиз ырдаган ырыбызга кошумча көрк берет. Сынактын биринчи күнүндө кийип чыккан костюмду өзүм ала баргам.

– Кыргызстандын атынан сынакка катышып жатканыңды угуп кайдигер карабай демөөрчүлүк кылгандар болсо керек?

Музыка жагынан даярдык көрүшүмө атам Курмангазы Азыкбаев  менен эжем Нурайым Азыкбаеванын салымы зор. Каражат жагынан да ата-энем, туугандарым, досторум жардам кылышты. Андан тышкары жеке демөөрчүлөрдөн да жардам болду. Мен ырдап жатканда колдоого, сүрөөнгө алып турган Россиядагы мекенчил жердештерибизге дагы терең ыраазымын.
– Мындан аркы чыгармачылыгың кандай болот?

-Буюрса чыгармачылыгымды улантам. Эл аралык сынактарга дагы катышсам деген максатым бар. Ата жолун жолдогон таланттуу музыкант болсом деген тилектемин.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 


 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: