“Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын лидерлери түзгөн жаңы “Кайра жаралуу” саясий партиясы 11-сентябрда өзүнүн курултайын өткөрүп, президенттик шайлоого чыга турган бирдиктүү талапкердин атын жарыялайт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Бакыт Төрөбаевге Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев түзгөн саясий альянс бирдиктүү күч катары аламан жарышка Бакыт Төрөбаевди алып чыгышканы турат. Саясий эксперт Марс Сариев: «Ушул саясий квартеттин ичинен Төрөбаев аябай активдүү болууда. Анын парламентте да фракциясы, финансылык ресурсу да жакшыраак. Ал эми башкалардын болсо учурда таасири азыраак. Мындай кырдаалда Төрөбаев чечүүчү фигура», – деген оюн билдирди. Эксперттердин пикирине таянсак, демек «эки тизгин, бир чылбырды» Бакыт Төрөбаев колго алаары дайын болуп калды…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ