Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн “Манас оюндары 2017” спорттук иш-чарасында көк бөрү боюнча финалдык оюнда өлкө президентинин кубогун Оштун “Достук” командасы алды. “Достук” оюнчулары финалда Таластын “Мурас” командасы менен беттешип, 4:3 эсеби менен жеңип алды. Ал эми үчүнчү орунга Сокулуктун “Биримдик Аю ” командасы менен Аламүдүндүн “Арашаны” ойноп, 5:1 эсебинде сокулуктуктар утушка ээ болду. “Манас оюндары” төрт жылда бир жолу өткөрүлөт. Алгач уюштурулганда спорттун улуттук түрлөрү боюнча спартакиада деп аталган. 2013-жылы “Манас оюндары” болуп өзгөртүлгөн. Быйылкы мелдешти уюштурууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентгигинен 10 миллион 81 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинен байге фонду 4,5 миллион сомду түзөт. Оюндар 25-августта башталып, улуттук спорттун сегиз түрү: тогуз коргоол, көк бөрү, ордо, салбуурун, кыргыз күрөш, алыш, эр эңиш жана ат чабыш боюнча өттү. Эр эңиштен Нарындын жоон билек эр азаматтары мөөрөйдү алдырышкан жок.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ