3-июлда Бишкек шаарындагы №2 төрөткананын короосунда кош бойлуу аял көз жарды.
Төрөт үйү жайкы оңдоп-түзөө үчүн жабык болгон. Аялдын толгоосу бышып, төрөтканага кире албай, сыртта көз жарганын оорукананын башкы дарыгери Азамат Алымбаев «Азаттыкка» билдирди:
– Биздин төрөткана ремонтко жабык. Дарыгерлер баланын киндигин кесип, үстүңкү кабаттагы төрөт бөлүмүнө алып киришип, бизди чакырышты. Азыр эне-баланын акыбалы жакшы.
Саламаттык сактоо министрлигинде бул иш боюнча атайын иликтөө башталганы маалым болду.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ