Menu

Акаевдердин каарына калып, куугунтукталган Эркебаев азыркы бийликке да жакпай жүрөт…

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаев өзүнүн кичи мекени болгон Чон-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы 5 бөлмөлүү үйүн 40 сотых жери менен кошо бала бакчага пайдаланууга берди. Заманбап шарттар түзүлгөн турак үйдүн документтери 1-сентябрда мектептеги чарада тапшырылган. Академик ошондой эле өзүнүн китептерин аталган айылдагы Ак-Суу орто мектебине белекке тапшырган. Бийликтегилер менен депутаттар жалаң гана алып, жулуп, жеп-ичип жаткан бүгүнкү заманда тээ Акаев доорунан бери бийликтин бирде кызматын кылып, бирде куугунтукталып келаткан Абдыганы акенин айылдаштарына тартуулаган белеги асмандан түшкөн кут гана болбостон, ошол бардык “жакшыларга” карата чон үлгү да болууда. Баса, жакында эле Улуттук илимдер академиясындагы ички интригага, трайбализм менен көралбастыкка чыдай албаган бул инсан ыктыярдуу түрдө кызматын да өткөрүп берген болчу. Деген менен Кыргызстандын тарыхында бир эмес, эки ирет спикер болуп шайланып, парламентти башкаруунун мыкты тажрыйбасын көрсөткөндүгү да белгилүү. Ал эми Өзбекстандын маркум президенти И.Каримов “Абдыганыны мен атамдын ысымын алып жүргөнү үчүн сыйлаймын, Кыргызстандын келечектеги президенти болууга татыктуу”,- деп баа берген соң акаевдердин каарына калып, куугунтукталган А.Эркебаев азыркы бийликке да жакпай жүрөт…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: