Menu

Видео – Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев — Өмүрбек Бабановго: Сиз жөнүндө көп уккам!

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев президенттикке кандидат Өмүрбек Бабанов тууралуу көп укканын айтты. Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин төрагасы жана партия лидерлери менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жолугушуу учурунда спикер Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш фракцияларынын лидерлерин расмий түрдө тааныштырды. Өзбек президенти Мирзиёев кыргыз парламентарийи Бабановго жеткенде анын колун кармап жылмайып, бир азга токтоп калды да Бабанов тууралуу көп укканын айтты.

“Мен кубанычтамын, сиз жөнүндө өтө көп уккам”, – деди Өзбекстан президенти Бабановго.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев КР Жогорку Кеңешине атайын кирип, депутаттары менен таанышып кеткени – бул парламент мурун кол коюлган мамлекеттер ортосундагы өз ара келишимдерди өз убагында ратификациялап келатканына ыраазычылык иретинде болсо керек. Бүгүн өзбек тараптын Оштогу “Достук” чек ара өткөрүү бекетин ачканы да буга далил болуп калды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: