Menu

Отунбаеванын УӨнү жетектеп туруп, «Мегаком» чырына аралашканына, Лондондон элиталык батир алганына тарых баасын береби?

Бөлүшүү:

«Уялбаган кыз уялгандын бетин тырмайт» деген учкул кеп бекеринен айтылбаган экен да. Оо, 2010-жылы «Жаңы Конституцияны кабыл алганы атабыз» деп референдум өткөрө салышып эле, анын жыйынтыгы менен Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болуп чыга келгенде элибиз таң калып эле калган болчу. «Биз качан президентти шайлайбыз деп добуш бердик эле?» деген суроону бирине бири берип, жооп таба албай коюшкан. Бул көрүнүшкө ошондо эле Адахан Мадумаров: «Отунбаева – самозванка» деген баасын берип чыккан болчу.

Көрсө, чын эле УӨ мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Отунбаеваны эч кандай шайлоо өткөрбөй туруп эле, жок дегенде референдум өткөргөндөгү бюллетендин бир бурчуна анын аты-жөнүн жазып койбостон эле президент кылып салышыптыр. Ошентип 1,5 жылдай өзүн президент сезип жүрдү Отунбаева. Бирок, ошол бар болгону 1,5 жыл ичинде эле ал өзүнүн финансылык абалын бир топ чыңдап алганга үлгүргөнүн билип калдык. Анын ошол убакта Лондондун чок ортосунан элиталык батир сатып алганы ММК беттеринде катуу чуулдаган. Андан сырткары «Мегакомдон» чыгарылып кеткен 6 миллион долларга аралашканы тууралуу да кептин аягы али үзүлө элек. Көрсө, ал «президенттик мөөнөтүм кыска эле, ага чейин финансылык абалымды чыңдап алайын» деген ойдо болгон турбайбы.

Анан кызматтан кеткенден кийин да көнгөн адатын калтыра албай, кайрадан эле саясатка башын тыгып жүрдү. Коррупцияга каршы айыгышкан күрөш «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаевди темир тор артына алып келип камап, үстүнөн кылмыш иши козголгондо Р. Отунбаева биринчилерден болуп жетип келип, анын таламын талашып, сотторго, прокурорлорго «Силер биз революция жасабасак, бул кызматтарда отурбайт элеңер» деп коркутуп, басым жасап алды. Кийин байкасак, өзүнүн да «Мегаком» чырына катыштыгы бардыгынан чоочулаган тура.

Эми болсо 31-август Эгемендүүлүк күнүнө чакырылбай калганына арданып, президент Алмазбек Атамбаевге болгон таарынычын ММК булактарынын бирине билдириптир. «Уялат экенсиң, 7 жыл чыкпай биз ар башка тараптарда болуп калдык. Бир жолдошубуз түрмөдө отурат. Мен экс-президент катары Эгемендик күнүнө чакырылбайм. Мунун баарына тарыхта өзүнчө баа берилет деп ойлойм», – деп арманын төгүптүр.

Ооба, албетте тарых баарына баасын берет, ордуна коет. Отунбаеванын өткөөл мезгилдин президенти болуп турганда Лондондон кайсыл акчасына батир сатып алганына да, «Мегакомдон» чыгарылып кеткен 6 миллиондун 2 миллиону анын чөнтөгүнө кирип кеткенине да, банк ячейкаларынан табылган баасы 3,78 миллиард долларды чапчыган векселдердин казакстандык «Кундыбай» компаниясына өткөрүлүп берилишине жол ачып, ал үчүн да «ыраазычылык» алганына тарых баары бир баасын берет, Отунбаева каалабаса да. Ал эми Эгемендик күнүнө чакырылбай калганына арданбай эле койсо болот, чакырса деле ачуу чындык айтылса, ордунан туруп кетип калат экен да. Анан чакырып эмне убаракерчилик тартыш керек? Ошону менен катар эле ал экс-президент катары коррупционерлерди коргобой, тескерисинче коррупцияга каршы күрөшкө жардам кылып берсе, элибиз да ыраазы болуп калбайт беле.

Булак: Zanoza Media

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: