Майлуу-Суу шаардык алдын-ала залалсыздандыруу бөлүмүнүн кызматкери Т. Орозалиев Майлуу-Суу шаарындагы “Абдуллах ибн Масъуд”, “Жеке-Мисте” жана “Көк-Таш” мечиттеринин дааратканаларында дезинфекция иштерин жүргүздү. Бул туурасында шаар хатиб Абсатар ажы Эркинбеков билдирди. Мындай маалыматты КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Шаар хатиби район-шаардын баш имам хатибдеринин жыйыналышында облус казысы Абдулазиз кары Закиров ар кандай жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында мечиттерди тазалоо, дезинфекциялоо тапшырмасын бергендин айтып, алдыга коюлган пландар аткарылып, коомчулуктун саламаттыгы үчүн кам көрүлүп жаткандыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ