Бүгүн, 23-апрелде Кыргызстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 5сү медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Ош облусу – 1 учур,
Ош шаары – 1 учур,
Бишкек шаары – 3 учур аныкталды.
“5 учурдун ичинен 3сү дарыгер, 2сү медайымдар” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Ошентип, республика боюнча коронавирусту жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 162ге жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ