Учурдун глобалдуу темаларынын бири болгон балдардын жоголуп кетүүсү өзгөчө жаш балдары бар ата-энелердин тынчын алып келет. Статистикага таянсак, балдар ар кандай себептер менен жоголушат. Алардын эң кеңири жайылганы – балдардын үйдөн качуусу. Ага үй-бүлөнүн социалдык абалы себеп болот. Ал эми баланы уурдоо болсо эң коркунучтуу. Кандай гана болбосун, баласын жоготууну эч бир ата-эненин башына салбасын. 2016-жылы 686 бала жоголуп, 650сү табылган. 2017-жылдын 1-январынан 24-августуна чейин 610 арыз катталып, анын 599у табылса, 11ине издөө иштери улантылып келет.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ