Menu

Москвада мигранттар үчүн патент баасы жогорулайт

Бөлүшүү:

Москвадагы эмгек мигранттары үчүн патент баасы жаңы жылдан тарта 500 рублга көбөйүп, айына 5 миң рублды түзүп калат. Тиешелүү өзгөртүүлөр салык мыйзамына Москва шаардык думасы тарабынан киргизилди.

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Инна Светенко мигранттардын кирешелери көбөйгөнүнө байланыштуу Москвада иштеген мигранттар үчүн патент баасын көтөрүү чечими кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылы Орусия борборунда эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын кирешеси 20% өскөн.

“Бирок биз эмгек патентинин баасын 13%, башкача айтканда 500 рублга көбөйттүк. Учурда Москвада иштөө үчүн чет өлкөлүк жаран наркы 4500 рубль турган патент алышы керек”, – деди ал.

Москва шаардык думасынын депутаты патент алууну каалагандардын саны кыскарбаганын, мунун эсебинен шаар казынасына 2 миллиард рубль түшкөнүн белгиледи.

Жакында Москва мэри Сергей Собянин “Россия 1” мамлекеттик телеканалына маек куруп жатып, мигранттардын арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли эки эсеге азайганын, ал эми мигранттар, өзгөчө Борбор Азиядан келгендер мыйзамдуулукту сактай башташканын билдирген.

Собянин орус өкмөтү бир катар чараларды кабыл алгандан кийин ушул сыяктуу жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат деп ырастаган. Ал патент системасын мисал келтирген. Азыр аны Орусияга кирүү үчүн виза талап кылынбаган чет өлкөлөрдүн: Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина жарандары сатып алат.

Бейшембиде Москва облустук думасы дагы патент баасын көтөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Подмосковьеде чет өлкөлүктөр үчүн анын баасы 450 рублга көбөйүп, 4750 рубль болот. Муну менен облус бюджетине кошумча 1 миллиард рублга чейин каражат түшөрү айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: