Кечээ 6-сентябрда Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында өкмөт башчы Сапар Исаков өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Өзбек президенти соңку жылда солгундап кеткен эки өлкөнүн мамилесине токтолуп, эки тараптуу мамиленин жаңы баскычка көтөрүлүшү мезгилдин талабы, элдин тандоосу экенин айтты.
«Мен премьер-министр болуп турган 14 жылда болгону төрт жолу Кыргыз өкмөт башчысы менен сүйлөшкөм. Бул туура эмес. Өкмөт башчылар жылына жүздөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Биздин туура эмес чечимдерден жарандар чарчады. Биринчи маселе чек ара жана башка маселелер акимчиликтердин деңгээлинде эле чечилиши керек» деди Мирзиёев.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ