Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган быйыл Кыргызстанга келиши мүмкүн. Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов Эрдогандын Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен 27-январда жолугушуп, ушул маселени талкуулашты.
Элчи Жунусов билдиргендей, быйыл Кыргызстанда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү пландалууда. Ошонун алкагында Эрдогандын Бишкекке келиши күтүлүп жатат. Азырынча так датасы анык эмес.
-Башкы кеңешчи менен сүйлөштүм. Алар жакын арада Эрдогандын Кыргызстанга сапары жөнүндө толук маалымат бермей болушту.
Тараптар ошондой эле кыргыз-түрк кызматташуусун дагы да чыңдоо маселелерин сүйлөштү.
Эрдоган акыркы жолу Кыргызстанга 2013-жылы 9-апрелде Түркиянын премьер-министри болуп турган маалда келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ