Оппозициялык маанайдагы «Саяси калам. Трибуна» гезитин чыгарып келген журналист Жанболат Мамай Алматы соту тарабынан үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Сот аны БТА Банктан мыйзамсыз чыгарылган делген акчаларды гезиттин редакциясы аркылуу жашырууга күнөөлүү деп тапты.
Соттун чечимине ылайык, Мамайдын мүлкү конфискацияланып, журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө үч жылга тыюу салынат. Андан тышкары гезиттин редакциясын жана журналисттин үйүн тинтүү маалында алынган ноутбуктар менен флеш-карталар мамлекетке өтөт.
Журналисттин камакта өткөргөн күндөрүн эсепке алганда, өкүмдөгү анын мөөнөтү эки жыл, беш ай жана беш күндү түзөт.
Мамай тергөө иштери башталгандан бери айыптоолорду четке кагып келген.
Бүгүнкү сот отурумуна журналисттер, Батыш өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, жарандык активисттер жана Жанболат Мамайдын тарапташтары катышты.
Азаттыктын сот залынан түз алып берүүсү (7-сентябрь):
29 жаштагы журналист дээрлик жети ай камакта болду. Ал бозгундагы казакстандык олигарх Мухтар Аблязов менен бирге миллиарддаган доллар арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталган. Камакка алынардан мурда Жанболат Мамай ага басым болуп жатканын билдирген.
https://youtu.be/4yzcCoIb6i0
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ