Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жума күнү үч күндүк расмий сапар менен Казакстанга келет. Бул сапардын алкагында ал Ислам кызматташтык уюмунун илим жана технология боюнча биринчи саммитине катыштат. Түркия лидери Эрдоган менен Казакстан президенти Назарбаевдин жолугушуусунда Мьянмадагы абал жана экономикалык кызматташтык маселелери талкууланат.
ТАСС маалымдагандай, эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда Анкара аскердик төнкөрүш аракетине айыптап жаткан диний ишмер Фетхуллах Гүлендин кыймылына каршы туруу – талкуулана турган негизги темалардын бири. Гүлен кыймылы Түркия тарабынан 2015-жылы террордук уюм катары табылган.
2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төнкөрүш аракетинен кийин Гүлен менен байланышы бар делген он миңдеген киши куугунтукталган. Билим берүү министрлигинен эле 45 миң кызматкер жумуштан бошотулган.
Эрдоган менен Назарбаев 14-15-сентябрда Астанада өтө турган Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүн дагы талкуулашат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ