Menu

Орусия Коргоо министрлиги : Гулмурод Халимов жок кылынды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрүнүн мурдагы кол колбашчысы, “Ислам мамлекети” тобунун “согуш министри” Гулмурод Халимов орус авиациясынын Дейр-эз-Зордогу соккусу учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинен билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, Гулмурод Халимов жана дагы үч таасирдүү талаа командири террорчулардын пунктунда жыйын өткөрүп жаткан маалда тындым кылынды. Алардын арасында каржы жана ИМ тобунун жаңы жоочуларын машыгуу базаларына жеткирүү үчүн жоопкер “Дейр-эз-Зор эмири” Абу Мухаммад Аш-Шимали дагы бар.

Орусия Коргоо министрлигинен белгилешкендей, бир катар европалык атайын кызматтар Аш-Шималини 2015-жылдын ноябрь айындагы теракттарды уюштурган деп эсептешет.

Британиялык «Таймс» журналы 15-апрелде Гулмурод Халимов Мосулдагы авиа сокку маалында жок кылынганын жазган.

Бирок анда тажикстандык “жихадчылар” Тажикстан ОМОНунун мурдагы кол башчысынын өлүмү тууралуу маалымат жалган экенин билдиришкен.

Полковник Гүлмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп, майдын аягында Сирияда экенин видео кайрылуу аркылуу жарыялаган. Тажикстанда диний эркиндиги чектелгендиктен “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткенин айткан. Бийлик аны мекенге чыккынчылык кылган деп айыптап, издөө салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: