Menu

Өкмөт “Республика-Ата Журт” фракциясынын чечими боюнча өз позициясын билдирди

Бөлүшүү:

2017-жылдын 8-сентябрында “Республика – Ата-Журт” фракциясынын жыйынында “Centerra Gold Inc.” компаниясынын “Thompson Creek Metals Inc.” компаниясынан активдерин сатып алуу боюнча бүтүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чара көрүү чечими кабыл алынган. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Бул маселе боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акцияларынын 2015-ж. биринчи эмиссиясынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Кыргызалтын” ААК позициялары бирдиктүү жана өзгөрүүсүз кала тургандыгын билдирди. Баалуу кагаздар рыногунда бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн “Centerra Gold Inc.” компаниясынын мыйзамынын коомдук укугун сактап,  “Centerra Gold Inc.” жаңы активдерди кошумча акциялардын эмиссиялоолорунун эсебинен сатып алуулары максатсыз деген позициясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар дайым карманып келет.

2015-жылы, ошондой эле 2016-жылы “Centerra Gold Inc.” компаниясынын директорлор Кеңешинин мүчөлөрү “Кыргызалтын” ААК үлүшүнүн  төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн болгон кошумча акцияларды эмиссиялоого каршы добуш берген.   Бирок, эки учурда тең, эмиссияларды өткөрүү жөнүндө жана жаңы активди сатып алуу бүтүмүн жактыруу чечимдери “Centerra Gold Inc.” компаниясынын директорлор Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушу менен кабыл алынган.

Ушуга байланыштуу, “Кыргызалтын” ААК тарабынан “Baker & McKenzie” аттуу канадалык юридикалык консультантына  “Thompson Creek Metals Inc.” сатып алуу боюнча бүтүмдүн анализин жүргүзүп, акционер катары мүмкүн болгон укуктарын бузгандыгы тууралуу ачык көрсөтүү тапшырмасы берилген.

Юридикалык консультанттын корутундусуна ылайык, бүтүм Канаданын мыйзамдарына ылайык, баалуу кагаздар рыногунун талаптарына жүргүзүлгөн жана ошондой эле 2009-жылдын Келишиминин алкагында кабыл алынган, белгилүү болгондой, 2009-жылы апрелде ошол мезгилдеги Өкмөт аркылуу ишке ашырылган, ошол мезгилде Өкмөттүн курамына кирген “Республика – Ата-Журт” фракциясынын азыркы лидери Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри катары болгон.

2009-жылы түзүлгөн жаңы шарттар жөнүндө Келишимдердин жана акционерлер кайрадан караган Келишимдердин жоболорунун негизинде, “Centerra Gold Inc.” директорлор кеңеши жактыргандан кийин жаңы акцияларды акционерлердин жактыруусусуз чыгарууга болот.

Ошону менен бирге, “Centerra Gold Inc.” компаниясынын директорлор Кеңеши, жаңы активди сатып алуу чечимин кабыл алаарда, бул компаниянын акциясынын наркын көбөйтө ала турганын, алтын казып алуу боюнча өндүрүштүк ишин узартып, кеңейте алаарын, ошондой эле компаниянын акционерлерине төлөнгөн дивиденддерин көбөйтө алаарын (анын ичине “Кыргызалтын” ААК да кирет) эске алышкан. Бутүм “Centerra Gold Inc.” Портфелинин мөөнөтүн кеңейтет. Анткени “Маунт Миллигэн” жаңы кенин  эксплуатациялоо мөөнөтү 2037-жылга чейин эсептелген. Буга  байланыштуу “Кумтөр” кенин иштетүү аяктагандан кийин дагы “Кыргызалтын” ААК акция пакетинин наркын сактап калат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: