Menu

Видео – Төртилик деп аталган саясатчылар тобу биригип, түзөбүз деген “Кайра жаралуу” партиясы түзүлбөй калды

Бөлүшүү:

Мындан бир ай мурун белгилүү саясатчылар, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдер биригишип, бир партия түзүшө тургандыктарын жарыялашкан.  Аларга бешинчи болуп экс-генпрокурор Элмурза Сатыбалдиев да кошулганын билдирген. 11-сентябрда ошол жаңы партиянын съездин өткөрүшүп, президенттик шайлоого бир талапкерди алып чыгышарын да жар салышкан. Ал жаңы партиянын аталышы “Кайра жаралуу” болору кийин белгилүү болгон.

Бүгүн, 11-сентябрга белгиленген жаңы “Кайра жаралуу” партиясынын уюштуруу съезди болбой калды. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев төртиликтин келишими бузулганын билдирип, чоо-жайын эртең жарыяларын убада кылды.

“Ата-Журт” партиясынын Саясый кеңеши журналисттерге Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков КСДПнын президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоону чечишкенин билдирди. Бирок Ахматбек Келдибековдун пресс-катчысы Шайырбек Маматокторов “Келдибеков Жээнбековду колдобойт” деп каяша айтты.

Видео: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: