Menu

Кыргызстан казак көмүрүнөн көз каранды болбоо жолдорун издөөдө

Бөлүшүү:

Учурда башкы максат – Кыргызстанды жергиликтүү көмүр менен камсыздоо, деп билдирди Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Улан Рыскулов. Ал бүгүн «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жумушчулары менен жолугушту.

Рыскуловдун айтымында, кыргыз-казак чек арасында абал курчуган маалда, 2 ай бою коңшу өлкөдөн көмүр келген эмес.

«Калкты жергиликтүү көмүрчүлөр отун менен камсыздап турушту. Көмүр тартыштыгы болгон жок, айрым учурда гана баалар алып сатарлардын айынан жогорулап кетти», – деди ал.

Рыскулов Кыргызстанга жылына 1,8 миллион көмүр керек экенин кошумчалады. Өкмөт 1,5 миллион тоннага чейин жергиликтүү көмүр казуу тапшырмасын берген.

Мамлекеттик комитеттен белгилешкендей, казак көмүрү темир жол аркылуу келгендиктен, тоннасы 30 АКШ долларды түзөт. Кара-Кече көмүрү автотранпорт менен ташылгандыгына байланштуу тоннасы 50 долларга жакын.

Буга чейин өкмөт кышкы маал үчүн көмүрдүн наркына мамлекеттик башкаруу киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: