Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарында белгилүү саясатчылар, көрүнүктүү коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер катышкан, 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоонун таза өткөрүлүшүн көзөмөлдөй турган “Таза шайлоосуз таза коом жок!” аттуу саясый атуулдук кыймылды уюштуруу жыйыны болуп өттү.
Жыйынга КР ЖКнын экс-спикерлери Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов жана КР экс-Премьер-министрлери Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-президенттин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жана башка саясатчылар да катышышты.
Жыйындын соңунда уюштуруучулар атайын меморандум кабыл алып, элге кайрылуу жасашты жана 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоонун таза өткөрүлүшүн көзөмөлдөй турган “Таза шайлоосуз таза коом жок!” аттуу саясый атуулдук кыймылдын уюшулганын жарыялашты.
https://www.facebook.com/nextvkyrgyzstan/videos/497306640637048/
Видео Next TV
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ