Menu

Сапар Исаков Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасында өткөн Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы Сапар Исаков белгилегендей, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапары маанилүү окуя болуп калды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча максималдуу чараларды көрүшү керек.

Премьер-министр эки мамлекеттин Өкмөттөрү тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча атайын иш чаралардын планы бекитилгенин айтып, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине Ведомстволор аралык жумушчу планда көрсөтүлгөн бардык пунктарды сапаттуу аткарууну тапшырды.

Мындан тышкары Өкмөт башчы кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо жана тактоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Экономика министри Артем Новиков Өкмөт башчысына маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстан Республикасына боло турган жоопту мамлекеттик сапарынын алкагында бизнес форум өткөрүү жана Кыргызстандын ата мекендик товарларынын көргөзмөсүн өткөрүүгө карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: