«Сезимдин бийлери» тобунун жетекчиси, бийчи Сезим Рысалиева жакында жаңы долбоорду баштаганы турат. Ал долбоор жаңы төрөгөн айымдар үчүн болмокчу. Тактап айтсак, жаңы эне болгон айымдарды чогултуп, аларга өз келбетине кам көрүү, сырдашуу, кеңеш берүү дагы көп багыттары бар долбоор болмокчу. «Учурда долбоордун алгачкы иштери башталды. Балалуу болуп үйдө отуруп, жаңы эне болгон айымдарга атайын долбоор керек экенин билдим. Жөн гана ойлоп койбой, ал идеяны ишке ашырууга кириштим. Кудай буюрса, жакында биздин энелерге кол сунуп, жардам берем» -дейт Сезим Рысалиева.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ