Menu

БШК президенттикке талапкер Имамидин Ташовдун үгүт эрежелерин бузгандыгын аныктады

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-декабрда БШКнын мүчөлөрү президенттикке талапкер Имамидин Ташовдун үгүт эрежелерин бузгандыгын аныктады.

БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Тагай Абдысатаровдун айтымында, үгүт материалдары 2020-жылы 24-ноябрда ЖМКларда жарыяланган.

Видеодо Ташов жалпыга маалымдоо каражаттары менен жолугушууну кандайча уюштургандыгы, 13 мүнөттүн ичинде ал өлкөнүн президенти болуп шайланып калса, алдыдагы пландары жөнүндө сүйлөшүп, шайлоо кампаниясынын айрым учурлары жөнүндө айтып бергени көрсөтүлгөн.

Ташов шайлоо өнөктүгүндөгү убадаларын жүзөгө ашыруу үчүн элден үч гана жыл сураган. “Үч жылдын ичинде мен Кытайга болгон карызды төлөйм, 30 жыл кыйналган Кыргыз мамлекетин үч жылдын ичинде калыбына келтирем”, – деп Ташов айтканын баяндамачы БШКнын отурумунда билдирди.

Жумушчу топ талапкердин аракеттеринде мыйзам бузуу белгилери бар деген тыянакка келишип, чечимин Бузуулар кодексине ылайык жоопкерчиликти кароо үчүн БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүүнү сунуштады.

Акылбек Сариев талапкерге эскертүү берүүнү сунуштады. 

БШК мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдошту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: