Дене табы көтөрүлүп же оорунун белгилери байкалган шайлоочулар добуш бере албайт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Биринчи радионун эфиринде билдирди
Анын айтымында, бул башка адамдардын жана участкалык комиссиялардын мүчөлөрүнүн ден-соолугуна эч кандай коркунуч келтирбөө үчүн жасалат. Шайлоо күнү адамдардын дене табы шайлоо участогунун кире беришинде текшерилет.
Үгүт иштерин жүргүзүүдө да 50дөн ашык адамды чогултпоо сунушу берилерин кошумчалады.
“Концерттер же масштабдуу иш-чаралар болбойт », – деди ал.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ