12-сентябрь күнү “Транзит” операциясынын жүрүшүндө Балыкчы ШИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 5-чакырымында, Балыкчы-Бишкек маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган “Хонда-Одиссей” автоунаасы токтотулган. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Текшерүү учурунда автоунаанын багажынан баштыкка салынган жапайы кендирдин жыты жыттанган зат алынган. Экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 1 килограмм 700 граммды түзгөн марихуана баңгизаты аныкталган.
Кармалган адам Балыкчы шаарынын 38 жаштагы И. Олег аттуу тургуну болуп чыккан. Алынган маалымат боюнча Ысык-Көл облусунан даярдап, Бишкек шаарына алып барып, өздүк колдонуу үчүн даярдаган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Балыкчы ШИИБнин убактылуу кармаоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ