Menu

Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековду эмне үчүн колдойт?

Бөлүшүү:

Коомчулук гүрү-гүүгө түшүп, Ташиевдин Жээнбековду колдой турганын талкуулап жаткан чагы. Алар кантип тил табышты?

Шайлоого карата бирин бири колдоого алган, бирине бири жол болуп чыккан, кайра эле бири менен бири бириккен саясатчылардан баш айланып баштады. Талапкерлер 50дөн ашып, адеп арыз берүү башталганда тандоо ушунчалык көп болоорунан үрөй учса, убакыттын өтүшү менен иргелип, такталып, баштапкы санга салыштырмалуу аз сандагы талапкерлер калды. Айрымдары өз каалоосу менен чоң жарыштан баш тартышса, бир даары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо мыйзамдарындагы талаптарды аткарышпагандыктан четтешти. Кечээ үгүт иштери старт алып, өлкөнүн көчөлөрү жылдаңдай күлгөн саясатчылардын сүрөтүнө толуп, ар кайсы тараптан «мени шайлагыла» деген кыйкырыктар угулат. Камчыбек Ташиев да өлкө үчүн маанилүү болгон чоң жарышка барууга ниеттенип, БШКдан расмий катталды. Бирок, саясатчынын  максаты бийликке келүү эмес, бийликти элге иштетүү болгондуктан, коомчулуктун талкуусуна жем таштаган кадамга барды.

Сооронбай Жээнбековду учурдагы президенттин партиясынан болгону үчүн, азыркы  бийликтин уландысы катары карап, коомчулук жүзүн буруп турат. Ушундай шартта элдин уулу аталып, алты жыл бою атамбаевдик режимге айгак чыгып, туура сөзүн айтуудан жалтанбаган Ташиевдин Жээнбековду колдой турганы айрымдардын акылын айран кылууда. Саясатта ойлонулбай ташталган кадам, тез кабыл алынган чечим болбошу керек. «Жетимиш өлчөп, бир кесүү» так ушул кызыкчылыктар гана орун алып, андан башка эч нерсе жок жаатка тийиштүү эмеспи. Демек,  Ташиевдин бул чечими да ойлонулуп, калчанып, анан чыгарылгандыр.

Камчыбек Ташиев алты жылдан бери бийликтин чекесине чыккан чыйкан болуп келатканы белгилүү. Анын айынан, чындыкта ичине жутуп, айдаган жакка кете бербеген өжөр мүнөзүнүн айынан темир тордун артына да барып келди. Чындык капка буулуп, өлкө бир ууч адамдардын алаканында калып, Конституция эмес, ошол адамдардын айтканы мыйзам болуп баштаган заман менен эч убакта келише албайт болчу. А Сооронбай Жээнбеков Атамбаев эмес. Ташиев Атамбаевге оппозиция, а кийинки болот турчу президент эгер өлкөнү алдыга жылдырып, элдин көйгөйүнө карап иш алып барса, аны колдоого алат. Билип айткан да бар, билбей эле божомолдоп «учура» бергендер да көп. Айрымдар Ташиев Сооронбай Жээнбеков менен келишимге барып, кайсы бир кызматты сураптыр деп айтып чыгышты. А саясатчы эл-жеринин кызыкчылыгын  кызматка баалап, кызмат менен алмашкандардан эмес. Жээнбеков менен сүйлөшүүсүндө да өзүнө кызмат эмес, анын Кыргызстанды алдыга жылдырган, акыйкат мамлекет башчысы болуусун талап кылган. Ушул убакка чейин Ташиевдин бир жолу мамлекеттин кызыкчылыгын жеке  кызыкчылыгы  үчүн садага чапкан жоругу кимдин эсинде бар экен? Бардык саясатчылар сатылса эле, Ташиевди да сатылды деп жоромолдой берүү туура эмес. Жердин тынчтыгы, элдин биримдиги үчүн жеке амбициясынан баш тартып, ыкка көнүү да чоң эрдик. Кокус, келечектеги президент учурдагы бийликтин катасын кайталап, элге пайдасын эмес, зыянын тийгизе турган болсо,  алгачкылардан болуп оппозициялык пикирин билдирип, чындыкты туу кылып Ташиев чыгаарын бөркүңөрдөй көргүлө.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: