Menu

Өкмөттүн курамы жалаң жаштардан куралды. Жаштар эски системаны сындырып, жаңы системаны жарата аларына ишенесизби?

Бөлүшүү:

Кубанычбек Нурматов, Жогорку Кеңештин депутаты:

«Бийлик башына келген жаштардын баары эле өз иштерин билгендер»

— Жогорку аткаруу бийликке жаштар келиш керек, жаштарга жол бошоткула деген маселе көптөн бери эл арасынан, оппозиция тарабынан кабыргасынан коюлуп келгени анык. Мына эми ошол элдин изги тилектери ишке ашып, бийлик бутактарына жаштар келип олтурат. Жаштардын реформа жаратарына ишенем. Себеби, бийлик башына келген жаштардын баары эле өз иштерин билгендер. Чет өлкөлөр менен алака түзүүдө өз салымын кошуп келе жаткан жигиттер. Буйруса көп жакшы ийгиликтерди жаратышат деген ишеним чоң. Себеби, келечек жаштардыкы. Алар кыргыз эли үчүн колунан келишинче ак эмгек кылат деген ойдомун.

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Бийликке келгендерден бирөө да эл башкарып, райондо, облуста иштеген эмес”

— Бийликке жалаң жаштар келди деген туура эмес. Көбөйдү десек туура болчудай. Бирок, акыбалыбыз бир заматта эле өзгөрүлүп кетет дегенге кошулбайм. Бийликке келгендерден бирөө да эл башкарып, райондо, облуста иштеген эмес. Аппараттарда иштеп теорияны билген күндө да, программаны турмушка ашырганга алы жетпейт. Жаңы жылга жакын өзгөрүүнү күтөм. Бизге берген “Жаңы доорго кырк кадам” деген программасында конкреттүү эч нерсе жок. Бирок, биз жаштарга жол бергиле деген ураанды колдоп бердик десем болот.

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Шарт эле биз күткөндөй реформа жасап жиберет дегенден алысмын”

— “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей реформа жараларына ишенем. Шарт эле биз күткөндөй реформа жасап жиберет дегенден алысмын. Эгемендүүлүк алганыбызга отуз жылга чукулдап калганына карабай эми гана жаштарды бийликке алып чыгып орун бошоттук. Барыбир жаштардын өзүнүн көз карашы башкача, заманбап стилде деген ойго ишенем. Буйруса жакшы жылыштар болот деген үмүт бар.

Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Көз ачып жумганча реформа жаратарына көзүм жетпейт”

— Бир заматта, көз ачып жумганча реформа жаратарына көзүм жетпейт. Бирок, жаштар акырындык менен эски системаны жакшы жакка оодарып, реформаны алдыга сүйрөйт деген үмүт артып турам.

Айданбек Акматов, журналист:

“Жаңы өкмөт жумуш менен камсыз кылуу жагын мойнуна алган жок”

— Реформа дегенде эмнени түшүнөбүз? Жогорку сотту чыныгы көз карандысыз кылабыз дейби? Жок. Ага булар бара албайт. Жогорку Кеңешти партиялык мафиянын, коррупциянын тузагынан чыгара алышабы? Жок. Ага да бара албайт. Элдин эңсегени эмне? Айлык акысы жетиштүү жумуш, тынчтык, эркиндик. Жаңы өкмөт жумуш менен камсыз кылуу жагын мойнуна алган жок. Алар азыркы бийликтин жолун улантабыз деп гана жатышат. Реформа кыла турган Дүйшөнбек Зилалиев “Лигласс” долбоорунун автору болсо, Сапар Исаков аны колдоп калкалап олтурат. Реформа жасаш үчүн эки тизгин бир чылбыр бир адамдын колунда болуш керек. Буларда андай жок.

Жакшылык Бердибек уулу, журналист:

«Мамлекетти өнүктүрүүдө биринчи кезекте жаш курак эмес, тажрыйба маанилүү»

— Өкмөт башына жаштар келсе эле заман оңолуп кетет дегенден алыс болушубуз керек. Мамлекетти өнүктүрүүдө биринчи кезекте жаш курак эмес, тажрыйба маанилүү. Экинчиден, жаштар десе эле эң таза кадрлар деп айтууга болбойт. Айрыкча азыркы коррупцияга белчесинен баткан саясий элита жаштарды жумушка кирген биринчи күнүнөн тартып эле коррупцияга үйрөтөт. Азыркы Өкмөткө келген жаштардын тарыхын карасаңыз, эл коррупционер, кылмышкер катары кубалап жиберген бийликтегилер менен иштешип келишкен. Мисалы, өкмөт башчы Сапар Исаков Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин учурунда Ак үйдө иштеген. Өздөрүн жаштарбыз, технократтарбыз деп атаган бул курамдын башында турган Сапар Исаков, Толкунбек Абдыгуловдор кабинеттен чыкпай иштеп, буйруктун мыйзамдуубу же мыйзамсыз экенине карабай аткаргандар. Сапар Исаков мурун кол чаап кубанта турган иш жасап койгонунда же шек санатпаган кадр болгонунда эч ким унчуга алмак эмес. Мен карапайым эл арасында Сапар Исаковдун депутат Жанар Акаевчелик кадыр-баркы жок экенин анык билем. Ал киши он жылдан ашык убакыттан бери Ак үйдүн 7-кабатында жүрөт. Бир реформа жасамак тургай, реформанын моделин чиймелеп элге көрсөткөн жок. Өкмөт башчы болгондон кийин эч нерсе кыла албаса, эмдигисинде чындап президент болсом реформа жасайм деп чыгары бышык. Лидер деген чындыкты чыркыратат. Адилетсиздикти көргөндө думугуп олтура албайт. Сапар Исаков болсо шылтоосу менен убадасы түгөнбөгөндөрдүн бири.

Космос Чыдынов, журналист:

“Өкмөттүн ишин мыкты алып кетүүдө жаш өзгөчөлүк маанилүү эмес деп ойлойм”

— Жаштардын келгени албетте жакшы. Бирок, реформа жасаш үчүн мамлекеттик саясатты жөнгө салууда, Өкмөттүн ишин мыкты алып кетүүдө менимче жаш өзгөчөлүк маанилүү эмес деп ойлойм. Жашпы, карыбы кеп келген адамдын жашында болбой, анын жөндөмүндө болушу керек. Азыркы Өкмөткө келген команда менимче реформа жасай алат деп ойлойм. Анткени алар даяр программасы менен келишти. Алардын ар бири сырттан же болбосо бизнестен келишкен жок. Өз тармагында иштеп такшалган жаштар барышты.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: