Menu

Кыргызстанда дагы 283 адамдан коронавирус табылды, бир суткада 10 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-июлга карата Кыргызстанда дагы 283 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 162, Чүй облусунан – 31, Ош шаарынан – 27, Ош облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 19, Жалал-Абад облусунан – 8, Нарын облусунан – 18, Баткен облусунан – 13 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 7377ге жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 88 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 2802ге жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 31 адам; Чүй облусунан – 8 адам, Ош облусунан – 14, Ош шаарынан – 30, Нарын облусунан – 4, Жалал-Абад облусунан – 1 адам.

Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 4 бейтап: 3 эркек киши – 64, 66, 69 жашта, 64 жаштагы аял, Ноокат аймактык ооруканасынан – 60 жаштагы эркек киши, Жайыл аймактык ооруканасынан – 80 жаштагы аял, Москва аймактык ооруканасынан – 35 жаштагы эркек киши, Токмок аймактык ооруканасынан – 59 жаштагы аял, Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 62 жаштагы аял, Кочкор аймактык ооруканасынан – 81 жаштагы эркек киши ооруну жеңе албай көз жумду.

Жалпы каза болгондордун саны 88ге жетти.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: