Menu

Марихуана сатып жүргөн шылуундарга улуттук байлыгыбыз гидроэнергетиканы карматып койдукпу?

Бөлүшүү:

“Лигласс Трейдинг” деген чех шылуундары менен ГЭС куруу боюнча келишим түзүлгөнү жалпы элибизге маалым. Айнек чыгаруучу фабриканын ээси Михаэль Смелик Чехияда банкрот болуп таанылат. Бирок анын досу Йиржи Войцеховский Кыргызстанда бир канча жыл иштеп, бул жерде фирма ачып, тырышып, бир бизнес кылам дейт дагы, орто жолдо арак сатуу менен алек болот, Чехиядан ар кандай товарларды ташыганга аракеттенет….

Орто жолдо ал биздин бир канча депутатыбыз менен таанышат, алар аркылуу бат эле бийликтин эң жогорку кабаттарына барып жетишет. Чакан ГЭС куруу боюнча долбоорлорду киргизе башташат. Алардын баардыгын Өкмөт жактырганы менен биздин дипломаттар “булардын эч кандай тажрыйбасы жок, акча ресурстары да жок” дегенде, кайра-кайра жаңы фирмаларды каттатып, киргизгени менен Тышкы иштер министрлигинин позициясы бекем болгондугу үчүн эчтеке чыкпайт. Ошону менен быйыл март айында жаңы конкурс жарыяланат. Чакан ГЭС дегенибиз менен алар ошол эле Токтогул, Камбар-Ата ГЭСтерине салыштырмалуу чакан болбосо, кыргыздын эң чоң суу сактагычтары Папан менен Орто-Токой, Сандык жана Көкөмерен дарыяларындагы ГЭС куруу долбоорлору жарыяланат. Орто жерде баягы биздин чехтер ошол эски айнек фабрикасынан калган бир “Лигласс Трейдинг” деген фирманы алып келип, конкурска катыштырышат. Ал 2014-жылдан бери салык отчётторун Чехия мамлекетине тапшырбаса дагы, ага жасалма “балансовый отчеттор”, кирешелерин да эбегейсиз көптүртүшөт. Эң олуттуусу, бул “Лигласс Трейдинг” биз Чехия, Италия, Англия, Армения, Кабардино-Балкарияларда килейген ГЭСтерди курганбыз, толук илимий базабыз бар деп апыртышат. Банктагы эсебибизде 382 миллион евро бар деп жазып беришет.

Анан эле ошол мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дүйшенбек Зилалиев буларды президенттин аппарат жетекчисине ээрчитип барып “бул чехтер кыйын экен, жанагы чакан ГЭСтерди гана эмес, тиги “Русгидро” тыштап кеткен жогорку Нарындагы ГЭСтерди да ойноп куруп беребиз деп атышат” деп аны ынандырат. Орто жерде чехтерден дагы Сапар Исаковтун атына кат келет, Чехия президентинин канцелярия жетекчисинен. Биздин профессионал дипломаттар, алардын ичинен ошол кездеги Венада жайгашкан Чехияга элчибиз Эрмек Ибраимов жетектеген топ “жок, булар шылуун, айнек фабрикасы банкрот болгон, ашып кетсе колунда 10 миң доллары бар, эч качан ГЭСке жакын дагы жолошкон эмес” деген каттарды жаадырдат. Дайыма чоң долбоорлордо ГКНБ менен МИДтин позициясы эң жогору турат: алар кандайдыр бир суроо боюнча позициясын оңою менен жокко чыгаралбайт. Эми бул чехтерди Сапар Исаков колдоого алгандан кийин, албетте, МИД канча чыркыраса, алардын пикири нөлгө теңелип калды ошол замат. Сапар Исаковтун Атамбаевдин тышкы саясатын жалгыз тескеген учурунда көптөгөн катачылыктар кетиргени баардыгыбызга белгилүү. Жакында эле чыккан тасмада “Биздин мамлекеттин азыркы учурда көпчүлүк партнёрлорубуз менен (Казакстан, Туркия, Кытай, АКШ ж.б. мамилебиз абдан начарлаганы — ​бул объективдүү факт, Сапар Исаковдун эң эле чоң катасы бул “Русгидрону” бир күндө денонсация кылганы” деп айтылат. Ошондон улам же ГЭС салынбай, биз дагы жөн жерден 37 миллион долларга карыз болуп калганыбыз. Кытай, Туркия, АКШлар эч качан азыркы президенттин доорунда инвестиция кылбай тургандарын ачык эле айтышкан. Ошондуктан жанагы чехтерден башка эч ким чыкпай калып, аларга кармалат дагы, эң акыркы кадам катары Астанада июнда өткөн ЭКСПО учурунда чех президенти Милош Земан менен жолугушууну уюштурат. Ал жолугушууда Земан “Лигласс Трейдинг” жакшы компания, иштешсеңер болот” деп коёт, анткени өздөрүнүн мекендештерин алга түртүү анын милдети. Сүйүнгөнүнөн ошол эле жерде А. Атамбаев батыналбай, журналисттерге кабарлайт “буюрса, Русгидронун маселеси чечилмей болду” дейт. Так эле ошол замат, тендер комиссиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңеш депутаты Кожобек Рыспаев тастыктагандай, баардыгына Сапар Исаков түздөн-түз буйурат: “Лиглассты өткөзөсүңөр, бүт сураган чакан ГЭСтерди жазып бересиңер, анткени алар Нарында “Русгидронун” ГЭСтерин дагы куруп беришет” деп айттыртат.

Ошону менен 30-июнда тендер комиссиясы “Лигласстын” пайдасына чечим чыгарат. Комиссия мүчөлөрү айткандай, тендердик деле документтерин эч ким изилдеп, окушпайт. Кожобек Рыспаев эле келип, “баардыгы чечилди, Сапар Исаков айтты” деп эле чечим кабыл алынат. Андан көп өтпөй дүйнөлүк сенсация жаралат, 10-июлда Атамбаевдин көзүнчө “Русгидронун” ордуна чехтин “Лиглассы” келди” деген маалымат бүт эл аралык прессага жарыяланат. Аны угуп, чехтер бир сыйра сүйүнүшөт, анан эле 2–3 күндөн кийин “оо шумдук, буларың айнек фабрикасын иштете алышкан эмес, колунда бир дагы тыйын жок, өмүрүндө ГЭС курушкан эмес” деп, “байкуш кыргыздар, силер алдандыңар” деп жаза башташат. Андан көп өтпөй Чехиянын “Юникредит” банкы “Лигласстын” 382 миллион евросу бар болгону — ​бул жалган деп жарыялашат. Чех өкмөтү дагы “биз эч качан буларды рекомендация кылмай турмак, тааныбайбыз” деп актанышат. Баардык күнөө чех президенти Земан жана анын канцелярия жетекчисине барып такалып калат. Андан көп өтпөй эле чех атайын кызматы бул маселе боюнча тергөө жүргүзөөрүн жарыялашат.

Бизде болсо Зилалиев “эмне болмок эле, 37 миллион долларды төлөйбүз дешти, төлөшсүн, болсо болду, болбосо жок” деген позицияны карманышат. Эдил Байсалов сыяктуу активисттер өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөтүшөт: “сөзсүз бүгүндөн калбай бул келишимди жокко чыгарыңыз, Зилалиев менен Айбек Калиевтерди жоопкерчиликке тартыңыз” дейт. Анын ордуна А. Атамбаев Зилалиевди чакыртып, өзүнүн жайкы пресс-конференциясында “шашпагыла, төлөшөт, Русгидронун жаагы жабылат” деп айтат. Бирөөсү дагы “Лигласс” айткандары калп чыкканын реакция кылышпайт. Ошону менен ошол болот. “Лигласс” 37 миллион долларды 10-июлда келишимге кол коюлган күндөн 30 күндө төлөп бермей болгонуна карабастан, ал мөөнөтү биринчи 30 календардык күн эмес, 30 жумушчу күнгө созулат. 4-августта “Электр станциялары” АК жайынан мөөнөт эсептелет деп жарыялашат. Ал төлөнчү дата эми 15-сентябрга дайындалат.

Бул маселе Сапар Исаков өкмөт башчысы болуп дайындалганда катуу талкууланат. К. Иманалиев, К. Исаев, А. Салянова, Ж. Акаев жана башка бир канча депутаттар тарабынан козголот. Өмүрбек Бабанов болсо түздөн-түз эле “силер камалышыңар керек, бул чыккынчылык” деп жарыялайт. Сапар Исаков “жок, биз жоопкерчиликти моюнга алабыз, көрөсүздөр, чехтер сөзсүз ГЭС курушат” деп актанат.

Кече күнү болсо “Лигласстын” изине түшкөн кыргыздын чыгаан жигити Э. Байсалов дагы эң чоң сенсация жарата алды. Ал жарыялаган маалымат боюнча, чех шылуундар АКШда “Чайна Интеллиженс Информейшн Системс” деген корпорация каттаттырып, анын атынан “Лигласс” Кыргызстанда миллиарддык ГЭС курат, 70 жыл бою жылыга 70 миллион доллар киреше табат” деп кадимки акцияларын сатып баштайт. Келишим 10-июлда кол коюлганда акция 0.005 доллар турса, 18-августка чейин 70 эсе кымбаттап, 40 центке чейин жетет. Орто жерде ал акцияларды саткан “Лигласс” бир канча миллион долларды чөнтөккө салышат. Ошентип туруп, Кыргызстанда бир дагы кирпич коё электе алар жөн эле жерден эң чон афераны ишке ашырышат. Буга аларга жардам көрсөткөн Уэйн Хайес (Wayne Hayes Jr) деген адам 1993-жылы 20 жылга так ушундай финансалык пирамида түзгөнү үчүн соттолгону дайын болот. Ал орус Валерия Сидорович деген Челябинскиден чыккан аялы аркылуу эми уялбай кадимки эле фейсбукта жарыялашып “Кыргызстанда биздин чех партнерлорубуз ГЭС курушат. Кимде ким инвестиция кылууга даяр болсо, бизге жазгыла” деген статустарды бөлүшүүдө. Муну карап бир жагынан күлкүң келсе, экинчи жагынан мекенибиз үчүн уяласың. Тажикистан ГЭСтерин италиялык жүз миллиард доллар обороту бар болгон “Salini Impregilо S.p.A” деген компанияга курдуртуп атат. Кыргыздар болсо чех шылуундарга алданды деген эл аралык аброюбузга эң чоң шек келтирилди.

Булар фейсбукта “Kaloca Stocks” аркылуу инвестиция издегенин байкай аласыз. 2016-жылга баракчасын түрүп көрсөңүз, мурун булар марихуана саткандарын көрө аласыздар. Мына, урматтуу туугандар, былтыр марихуана сатып жүргөн шылуундарга, быйыл биздин бийликтин уруксаты менен улуттук байлыгыбызды, гидроэнергетиканы карматып коюшту. Бул скандал 1990-жылдардагы Бирнтшейн катышкан чатактан дагы катуу.

Кече күнү белгилүү саясатчы жана президентикке талапкер Темир Сариев дагы “Лигласс” боюнча кылмыш тергөөсүн талап кылды. Келе турган аптада парламентте бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлөөрү боло турган иш. Биз дагы бул маселеге кайрылып, эмки сандарыбызда чач тик турчу деталдарды окурмандарыбыз менен бөлүшөбүз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: