Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры VI Эл аралык ART-ORDO театр-фестивалына акын Бактыгүл Чотурованын калемине таандык «Тумар Ханыша» спектакли менен катышууда. Аталган спектакль 15-сентябрда кечки саат 18-00дө театрыбыздын сахнасында коюлмакчы. Бул туралуу театрдын расмий сайтында айтылууда.
«Тумар Ханыша»
Дүйнөлүк тарыхтын бир тамыры болгон байыркы көчмөн элдердин сак уруусунан чыккан баатыр кызы Тумар ханыша (Томирис) болгон. Грек тарыхчыларынын жазып калтырган эмгектердин негизинде Тумар ханышанын теңдешсиз баатырдыгы тууралуу ар кандай жанрда көркөм чыгармалар жаралды.
Тумар Перс падышасы Дарийге теңтайлашып, дүйнөнүн жарымын басып алган Персиянын падышасы Кирди жеңген аялдан чыккан баатыр падыша болгон. Сактарды басып кирген Кир падышанын 200 миң аскерин Тумар ханыша 80 миң кол менен талкалап, Кирдин башын алгандыгы таңкалыштуу тарыхый окуя катары кылымдардан кылымдарга даңаза болуп жашап келет. Драмада баатырдык, эрдик менен бирге эле, адамзаттын жаралуусундагы табигый жеке турмуштук асыл сезим баяндалып, Тумар ханышанын махабат баянына трагедиясы өрүлүшүп, көркөм чагылдырылган. Тарыхый маалыматтарга таянганда окуя мындан 3000 жыл мурдагы доордо болгону болжолдонот.
Спектакльдин автордун курамын белгилей кетсек:
- Автору- Бактыгүл Чотурова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
- Койгон режиссер-Марат Козукеев, КР эмгек сиңирген артисти.
- Сүрөтчү-коюучу- Б.Тилекматов.
- Музыкалаштырган-К. Асанбаев.
- Реж.ассистенти -Д.Жанжигитов.
- Реж.жардамчысы -Э.Жумалиева.
- Гримдөөчү- Г.Суранчиева.
- Үн берүүчү -А.Осмонкулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ