Ташкенттин 36 жаштагы тургуну Абдумалик Каримов чакыруу менен үйүнө барган тез жардам кызматынын дарыгерин сабагандыгы үчүн кармалды. Дарыгер шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткарылды.
Окуя 10-сентябрда болгон. Дарыгердин сабалышын телефондун диктофонуна жаздырып алган тез жардам кызматкерлери кийин аны интернетке жайгаштырышкан.
Аудиожазууга ылайык, дарыгерлердин ишине нааразы болгон Каримов уулун ооруканага жеткирүүнү талап кылып, алардын бирөөсүн уруп жиберген. Соккудан улам тез жардам кызматкери кулап кетип, башы менен медициналык кутучага тийген.
Маалыматка ылайык, дарыгердин чекеси сыйрылып, баш мээси чайкалган деген диагноз менен ооруканага жеткирилген.
Тез жардам кызматкерлеринин билдиришинче, Абдумалик Каримовдун аракеттеринен жалпысынан беш дарыгер жабыркаган:
– Каримовдордун үй-бүлөсүнө эч кимдин баргысы келбейт. Бул өтө агрессивдүү үй-бүлө. Абдумалик Каримов ушул жылдын августунда биздин башка дарыгерибизди да сабаган, ошондуктан бул жолкусунда аныкына диктофон алып даярданып барышкан. Андан тышкары Каримовдун аракетинен дагы башка төрт дарыгерибиз жабыркаган, – деди тез жардам кызматкерлеринин бири.
Абдумалик Каримовго карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Эгер сотто анын күнөөсү далилденсе үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ