Бүгүн, 27-январь күнү Өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү күндө өз алдынча жумуш ордун түзгөн, проекттерди сунуштаган бир да ким жок деп, район башчыларын сынга алды.
“Бардыгы бюджеттен, гранттан, донорлордон ж.б. келген акчаны эле карап олтурушат” – деди премьер-министр.
“Жакында телевизордон Ысык-Көл районунун акиминин ишмердүүлүгүн көрдүм. Калгандары “өкмөт эмне деп айтат” деп күтүп отурушат. Жакшы проекттер бар, аны ишке ашырыш керек деп эч кимиси айтпайт. Ошондуктан биз облустардын жана райондордун башчыларына баа берүүнү чечтик” – деп айтты өкмөт башчы.
Ал биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго губернатор жана акимдердин ишине анализ жүргүзүп, ким кандай иштеп жатканын айтыш керектигин белгиледи.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ