Тертилтик шайлоого жалгыз талапкер кылып мени алып чыкмак деп жар салган Бакыт Төрөбаев өзү жалгыз шайлоого барса эч нерсеге илинбей кала турганын аңдап, мурунку лидери Өмүрбек Бабановго биригүүнү чечиптир. 17-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы стадиондо чоң жолугушуу өтүп, элдин алдында Бабанов менен Төрөбаев бириккенин жар салганы турушат дейт. Экөөсү элге кол кармашканын жарыя кылган соң, Мелис Мырзакматов видео байланыш аркылуу Бабановду колдой турганын айтат экен. Шайлоонун кызыгы эми күчөп жатат. Талапкерлердин баары Бабанов менен Жээнбековго бөлүнүп, күрөш эки адамдын ортосунда эле өтчүдөй болуп калды. Жээнбеков түндүктөн чыккан саясий лөктөрдү айланасына тартууга аракет кылса, Бабанов тескерисинче түштүктүн лидерлерине кол сунуп турат. Ахматбек Келдибеков менен Адахан Мадумаров да Өмүрбек Бабановду колдой турган болуп жатат деген маалыматтар айтылууда. Эгер бул маалымат ишке ашса, Бабанов Жээнбековго каршы тура алчу чоң күчкө айланары талашсыз.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ