Милицияга Бишкек шаарнынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, ушул жылдын июнь айында соода-борборлорунун биринен “Эрлан” аттуу таанышы алдоо жолу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун сатып берем деп, ушул күнгө чейин кайтарып берген эмес. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан көрүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмыш-ишине тиешеси бар Бишкек шаарынын 22 жаштагы Ч.Э. аттуу жашоочусу кармалган. Шектүү Бишкек шаардык ишки иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө учурунда, кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы такталып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ