Menu

Каракол шаарында Ысык-Көл ОИИБнин бала бакчасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-сентябрь күнү Каракол шаарында Ысык-Көл ОИИБнин бала бакчасынын жаңы эки кабаттуу жаңы имаратынын ачылышынын салтанаты болуп өттү. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

“Милиция кызматкерлери үчүн бала бакчанын ишке берилиши өзүнчө бир майрамдык жышаанга айланды деп айтсак жаңылыштык болбойт. Себеби, эски бала бакчада орун аздыгынан, көпчүлүгү балдарын шаардын башка мектепке чейинки билим берүү жайларына алып барууга мажбур болуп келишкен. Эми, заманбап жаңы бала бакчада, балдарынын тарбияланышына бардык шарттар түзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Жаңы бала бакчанын ачуу аземинде Ысык-Көл ОИИБнын башчысы Октябрь Урмамбетов билдиргендей, бир кылым мурда курулган жана 1958-жылдан бери башкармалыгынын балансында турган бала бакчанын имараты эскилиги жетип, анда тарбияланычууларга кам көрүүгө мүмкүн болбой калгандыктан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин колдоосу менен 60 орундуу жаңы имараттын курулушуна 21 миллион сом акча каражатын бөлүнүп берилген.

«59 жылдык тарыхында, башкармалыгынын бала бакчасынын тарбиячылары неченден деген муунга татыктуу тарбияны беришип, уясынан учурушкан. Бала-бакчанын алгачкы тарбиялануучулары кийин ички иштер органдарында кызмат өтөшүп, ардактуу эс алууга чыгышкан. Андан кийинки тарбияланган муундары, бүгүнкү күндө да биздин катарыбызда кызмат өтөп жатышат. Азыркы тапта тарбияланып жатышкан наристелерибиз, келечекте милицияда кызмат өтөп жатышкан ата-энелеринин ордун тактыктуу улантарына толук ишенемин. Себеби, алдыңкы муундардын өрнөгүн улантууда жана элдин коолдосуна ээ болууда милициянын күчү болгон жана боло бермекчи», – деп, белгилеп кетти областтык милициянын башчысы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров өзүнүн куттуктоо сөзүндө: «Кыргыз мамлекетинде акыркы жылдары балдарды коргоо үчүн, аларды татыктуу тарбиялап, кайгы-кападан алыс, тынч жана беймарал жашоосун камсыз кылуу үчүн көп аракеттер көрүлүүдө. Балалуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык абалы акырындап жакшырууда. Акыркы жылдары балдар бакчаларынын саны эки эсеге өстү. Буга, бүгүнкү бала бакчанын жаңы имаратынын ишке берилип жатканы ачык далил боло алат»,- деп белгилеп, бала бакчанын ашканасына заманбап электр плиткасын алып орнотууга 100 миң сомдун сертификатын тапшырып кетти.

Андан кийин Каракол шаардык Кеңешинин төрагасы Эрлан Айсаракунов жаш наристелерди, алардын ата-энелерин жана бала бакчанын кызматкерлерин жаңы конушу менен кызуу куттуктап, жаңы буюмдарды алуу үчүн 150 миң сомдун сертификатын тапшырды.

Салтанатка чакырылган меймандар дагы өз сөздөрүндө балдарыбызды бак-таалайга, сүйүүгө жана мээримге бөлөп, телегейи тегиз өстүрүп-жетилтүү үчүн мамлекет тарабынан көптөгөн аракеттер көрүлүп жатканын белгилешип, балдарыбызга мээримибизди төгүп, аларды түркөйлүктөн оолак, жан дүйнөсү бай, руху терең, намыстуу Инсан кылып тарбиялоого чакырып кетишти.
Салтанаттын акырында, жаңы имараттын курулушуна зор салымын кошушкан бир катар жараандар сыйланышып, азем бала бакчада тарбияланып жатышкан жаш наристелердин чакан концерттик программасы менен аяктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: