Menu

Сапар Исаков Нарынга индустриялык соода-логистикалык борборун куруу боюнча планды иштеп чыгууга бир жума убакыт берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 19-сентябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ата-Башы районундагы индустриялык соода-логистикалык борбору курулуучу аймакка барды. Ал курулуш иштери боюнча  планды иштеп чыгууга Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигине бир жума убакыт берди. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо борбору баяндады.

«Пландын ичине жерди трансформациялоо, электр энергиясын киргизүү, суу менен камсыз кылуу жана аймактын тегерегин толук тосуп чыгуу сыяктуу биринчи кадамдардын бардыгы камтылсын. Инвестиция тартуу агенттиги бул багытта ыкчам иш алып барып, Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү баштайлы»,-деди Сапар Исаков.

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакировдун маалыматында  6 ай мурун жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен Кытай бийлигинин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анда Кытай тараптын 10 ашык ишкерлери эгерде кыргаз тараптан алгачкы шарттар түзүлүп, Өкмөт колдоо көрсөтсө келип кызматташууга даяр экенин билдирген.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КЭР Президенти менен жолукканда чек ара аймагында соода тармагын өнүктүрүу багытында Ат-Башы районуна эркин экономикалык аймак куруу боюнча келишимге кол койгон. Индустриялык соода-логистикалык борбору курулса, Улуу Жибек-Жолундагы сооданын бир бөлүгүн Кыргызстанга тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Премьер-министр Сапар Исаков аймакка завод-фабрикалар курулуп, биринчи кезекте Нарын облусунун жергиликтүү тургундары жумуш орундары менен камсыз болуп, облуска ири суммадагы киреше түшөрүн билдирди.

«Бул аймактын келечеги абдан кенен. Кыргызстан ЕАЭБ мүчө болгондо чек ара аймагына эркин экономикалык аймак ачуу талабы бар болчу. Биз ошону аткарып жатабыз. Эгерде индустриялык соода-логистикалык борбор ишке кирсе Кытайдагы Кашкар, Үрүмчү жана Казакстандын Хоргос базарларындагы ишкерлер келип, соода жүгүртүү активдүүлүгү күч алат»,-деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: