Бүгүн, 19-сентябрда Алмата шаарында Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, ага президенттик шайлоодо ийгиликтерди каалап, өз колдоосун билдирди.
“Өзүңдү өтө жакшы билем, буга чейин бизнес менен алектендиң, өкмөт башчы болуп иштедиң. Эгер боордош кыргыз калкы сендей жаш, эмгекчил азаматтарды колдой турган болсо ал үчүн биз кубанычта гана болобуз. Башкалар таарынбасын, бул маселе кыргыз мамлекетинин ички иши. Кимди шайлай турганын кыргыз калкы өзү чечет. Ошентсе дагы жаш азаматтарды колдоп алышса деген каалоом бар”, – деп билдирди Назарбаев.
https://www.youtube.com/watch?v=oAvameSHfEA&feature=youtu.be
Булак: “Ак ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ