Menu

Ашхабаддагы Азия оюндары: Учурда кыргызстандык спортчулар 17 байге утту

Бөлүшүү:

17-сентябрдан 27-сентябрга чейин Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында  жабык имараттардагы Азия оюндары курч мүнөздө өтүп жатат.  19-сентябрда дагы кулак сүйүнткөн кабар келди. Бул күнү Ашхабадда  бел боо күрөшүнүн эркин ыкмалары боюнча таймашуулар башталып, кыз-келиндер жана  эр жигиттер 14 комплект байге үчүн күч сынашты. Мында кыргыз балбандары 2 күмүш, 5 коло байгелүү болушту. Жел таман жөө күлүк кыздар да 1 күмүш, 1 коло медаль тагынды. Алардын ысымдарын сыймык менен атай кетели.

Жабык имараттардагы Азия оюндарында коло медаль тагынгандар: Ильяс Нишанов (100 кг), Кадыр Келсинбеков ( 100 кг. жогору), Анара Рыскулова (55 кг), Уулкан Алибай кызы ( 65 кг) жана Назира Арзыбекова (70 кг. жогору.

Мындан сырткары  бел боо күрөшүнүн эркин ыкмалары боюнча баш байгеге талапкер болуп, финалга кыргызстандык эки балбан чыкты. Алар Алтынай Мамарасул кызы (70 кг.жогору ) жана Руслан Табалдиев (80 кг) алтын байге үчүн күч сынашат. Алтынай Мамарасул  кызы алтын медаль үчүн монголиялык Мунхцецег Отгон менен таймашка чыгып, 6:4 эсеби менен атаандашына алдырып коюп, күмүш медаль тагынды.

Ал эми Руслан Табалдиев жапониялык, индиялык жана ирандык атаандаштарын утуп, финалда Азия оюндарынын чемпиондук наамы үчүн түркмөн балбаны  Силапберди Нуриев менен килем үстүндө күч сынашты.Жыйынтыгында жергиликтүү балбан 4:1 эсебинде артыкчылык кылып, Табалдиев экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.

19-сентябрда жеңил атлетика жарыштарында кыргызстандык жөө күлүктөр дагы олжолуу болушту. 1500 мерт аралыкка финалдык жарышта жалал-абаттык Гүлшанай Сатарова марага экинчи келип, жабык имараттардагы Азия оюндарынын күмүш медалын тагынды. Ушул аралыкта Гүлшанайга удаа келген кыргызстандык Арина Клещукова коло байгелүү болду.

19-сентябрда тай бокс боюнча таймашуулар башталып, мында кыргызстандык Бекжан Матысаев 67 килограмм салмакта күч сынашып, чейрек финалда макаолук Лей Ка Лонду экинчи раундда эле артыкчылык менен мөөнөтүнөн мурда утуп, жарым финалга жолун ачты. 20-сентябрда Бекжан түркмөнстандык Мустафа Сапармурадовду утса гана финалга чыгып, баш байгеге талапкердин бири болот.  Кыргызстандык тай боксчулар Мирбек Сарткалмаков ( 60 кг) менен Тимур Маматисаков ( 63,5 кг)  чейрек финалга жеңилүү ызасын тартып, жыдып калышты.

19-сентябрда  «Д» тайпасында Кыргызстандын футзал командасы  Таити өлкөсүнүн футболчуларын 4:2 эсебинде утуп алышты. Бул оюнда Арстанбек Турсунов, Манас Абдрасул уулу, Атай Таштанов жана Дамир Исаков айырмаланып, атаандаштарынын дарбазасына топту таамай тээп киргизди. Тилекке каршы кыргызстандын футболчулар  кийинки турга чыгалбай калышы мүмкүн. Себеби Азиянын көп жолку чемпиону  Иран командасы Иордания командасын 7:3 эсебинде утуп, учурда 6 упайы менен лидер болуп турат.  Кыргыз футболчулары мурда күнү иорданиялыктардан  7:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калышкан.  Ал эми кийинки беттешүүдө ирандык футболчуларды утуп алышы кыйынга турчудай.

19-сентябрда баскетболдун 3х3 форматындагы мелдештери да башталып, Кыргызстандын эр-азаматтар командасы «А» тайпасында алгачкы беттешүүдө Монголия командасына 22:12 эсебинде утулуп калышты. Экинчи беттешүүдө Непал өлкөсүнүн жигиттерин 19:15 эсебинде жеңип алышып, учурда 3 упай топтой алышты.

Ошентип, учурда Кыргызстандын улуттук командасынын куржунунда 17 байге бар. Алар 1 алтын, 5 күмүш жана 10 коло медаль болуп саналат.

Бел боо күрөшү жабык имараттардагы Азия оюндарынын жадыбалына алгач ирет кошулуп жаткандыктан кыргыз балбандары намысты колдон чыгарбайт го деген ишеним күч.

20-сентябрда дагы таймашуулар улантылат.  Бул күнү Ашхабад шаарында баскетбол, бел боо күрөшү, бильярд, ат спорту, футзал, жеңил атлетика, теннис, күрөш, тай бокс, таэквондо, велотрек жана оор атлетика боюнча мөрөй талашуулар болмокчу.

Ошондуктан кыргызстандык спортчуларды сүрөөнгө алып, Ашхабадга кулак төшөп, кубанычтуу кабар күтүп туралы.

Кабыл МАКЕШОВ, спорт баяндамачы  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: