Menu

Мирзиёев Нью-Йоркко олигарх Усмановдун учагы менен барды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШга Орусиялык олигарх Алишер Усмановдун жеке учагы менен барды.

Абадагы учактарга көзөмөл жүргүзүү мүмкүндүгүнө ээ Flightradar24 сайты кабарлагандай, радар M-IABU коду менен Airbus A340-313 учагын каттаган. Мындай коду бар учак Алишер Усмановго таандык.

Шавкат Мирзиёев ал учак менен Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72 сессиясына катышуу үчүн барган.

Алишер Усмановдун Airbus A340-313 учагы 350 миллион доллар туруп, дүйнөдөгү эң кымбат жеке учактардын бири болуп эсептелет. Ал Усмановдун атасынын урматына – «Burkhan» («Бурхан») деп аталган. Учак M-IABU каттоо номуруна ээ. Анын акыркы төрт тамгасы «I am Алишер Бурханович Усманов» дегенди түшүндүрөт.

Азырынча Өзбекстан президентинин АКШга эмне себептен мамлекеттик учакта эмес, Алишер Усмановдун учагы менен баргандыгы белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: