Буга чейинки шайлоолордо Аалы Карашев бийликтин позициясын колдоо үчүн Ош облусун көзөмөлдөп, активдүү иш-аракеттери менен көзгө көрүнчү эле. А баса, Курманбек Бакиев менен кийинки келген бийликке аска-тирек катары саясаттын чордонунда жылдызы жанып, аламан жарыштарда эски-жаңы шефтерине кызмат кылчу эле. Кызыгы, учурдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбековго чын көңүлдөн салым кошпой атканы жердештерин таңгалдырууда. Керек болсо тар чөйрөдө Карашев КСДПнын талапкерине каршы сөз айтып атканы да ашкереленеби? Эки жааттын келишпеген эмне оюндары бар экени бүйүр кызытууда. Жакында билинет го?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ