Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) мурдагы президенти Йозеф Блаттер менен Европа футбол ассоциациялар биримдигинин (UEFA) экс-башчысы Мишель Платиниге каршы Швейцария сотуна доо арыз берди.
FIFA сегиз жыл мурда Блаттер тарабынан Платининин эсебине которулган эки миллион долларга жакын каражатты кайтарып берүүнү талап кылууда. 2015-жылы бул окуяга байланыштуу алар ишмердүүлүгүнөн четтетилип, Блаттер FIFAнын президенти кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.
Жалпысынан коррупция иши боюнча 14 аткаминер айыпталууда. Платини менен Блаттер бир нече жолу суракка чакырылганы менен аларга каршы расмий түрдө эч кандай айып тагылган эмес.
ЖМКлардын маалыматына караганда, коррупциялык иштер футбол боюнча дүйнө биринчилиги өтө турган өлкө катары Орусия менен Катардын тандалышына байланыштуу. Болжол менен бул эки өлкө чемпионатты өткөрүү укугуна пара берүү аркылуу ээ болушкан. Алсак, ал кезде Катарда эч кандай футболдук инфраструктура болгон эмес. Ошол эле маалда күндүн ысыгына байланыштуу чемпионатты адаттагыдай жайында эмес, ноябрь жана декабрль айларында өткөрүүгө туура келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ