Кечээ, 20-сентябрда прокурор Жогорку Кенештин депутаты Аида Салянованы 8 жыл эркинен ажыратууну жана үй мүлкүн конфискациялоону соттон суранды.
“20 жыл дебейсиңби, эй бети жок! Бетсиз! Эшшек десе! Темселеп талаада жүрдүң эле го сен!”, – деген кемсинтүүгө жык толгон нааразы үндөр жаады залдан.
Андан сон, Салянованын жактоочулары жарыш сөзгө даярданыш үчүн соттон бир жума суранды, бирок сот Кубанычбек Касымбеков алардын өтүнүчүн четке кагып эки эле күн убакыт берди.
Салянованын жактоочуранын айтуусу боюнча Саляновага иш мыйзамсыз козголгон.
Булак: Жалбырак ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ