Menu

Ишти илгерилеткен ишкерлер

Бөлүшүү:

Былтыртан бери ишкерлер күнү деп белгиленип келаткан 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков ишкерлер менен жолугушту. Ал бизнес өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор салым кошуп келаткан ата-мекендик өндүрүшчүлөргө ыраазычылык билдирди. “Өлкө жетекчиси Кыргызстандын бизнес-чөйрөсүн жакшыртып, экономикасын либералдаштыруу үчүн бардык шартты түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңеш түзүлүп, мыйзам чыгаруу деңгээлинде тиешелүү документтерди кабыл алуу иши жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, ишкерчиликти насыялоо жолдору ачылып, жакынкы аралыкта Кыргыз-Кытай фондун түзүү мерчемделүүдө”, – деген Чыныбай Турсунбеков бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин алкагында парламент мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы байланыштардын аянтын түзүү менен бизнес-коомчулуктан тиешелүү документтерди кабыл алууга зарыл болгон сунуштарды күтүп жаткандыгын айтты.

Төрага бир катар бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнө эстелик белектерин тапшырды. Андан соң КР Соода-өндүрүш палатасынын президенти Марат Шаршекеев жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, парламент тарабынан ата-мекендик ишкерлердин маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи. “Төраганын алдында Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин түзүлүшү – бул парламент менен ишкерлердин ортосундагы жалпы платформаны жаратууда башкы жетишкендик. Алсак, азыртан эле жасалган кадамдын жагымдуу натыйжаларын көрүп жатабыз” – деди Марат Шаршекеев.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңеш 2017-жылдын 30-январында парламент менен ишкерлердин ортосундагы ачык жана таасирдүү кызматташтыкты түзүү максатында түзүлгөн. Ал ишкерчиликке тиешелүү нормативдик укуктук актыларга байкоо салуу менен ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо механизмин иштеп чыгууга багытталган.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: