Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Коргон айылында 500гө жакын жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери турак үйлөргө кирип жүргөн белгисиз адамды издеп чыгышкан. Бул тууралуу Жаңы-Коргон айылынын тургундары билдиришти. Алардын айтымында, издөөгө чыккандар айылды тинтип жатышат. Изделип жаткан киши узун бойлуу, сакалы өскөн. Дайыма башын ороп-чулгап, бетин көргөзбөй жашырып жүрөт. Элеттиктер аны аз күн мурун айылдан көрүшкөн. Көп өтпөй эле Баткен облусттук милициясы айылда изделип жаткан белгисиз киши Баткен районунун Таян айылынын 1972-жылы туулган тургуну С.Абдумалик экендигин кабарлаган. Маалыматка караганда, ал 9-сентябрь күнү саат 22:15 чамасында Бирлик айыл аймагынын Кичи-Айдаркен айылында 32 жаштагы А.Г. аттуу аялды эч бир себепсиз уруп качып кеткен. С.Абдумаликтин туугандары анын психикалык жактан жабыркап жүргөндүгүн билдиришкен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ