Menu

Кадырбеков маселени кабыргасынан койду

Бөлүшүү:

Биздин көп жылдан бери келе жаткан эң көйгөйлүү маселебиз бул – “Кумтөр”. Бул экономикага дагы, ички дүң продукциясына дагы таасир эте турган эң ири ресурс. Бул туурасында коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков айтып чыкты. Ал бул туурасында Кыргызстанда нефти жоктугун,
эң чоң байлыгы алтын боюнча дүйнөдө 7-орунда турган “Кумтөр” экенин билдирип: “Мына ушунун бардыгын тең Канада алып кетип жатат. Бирок эмнеге бир талапкерибиз мына ушул “Кумтөр” маселеси боюнча ооз ачып койгон жок” – деп каңырык түтөттү. Ошондой эле ал мурунку 3 премьер-министр бүгүн талапкер болгонун дагы кошумчалап: “Премьер-министр болгондо да унчукпай отуруп беришти. Мына эң кур дегенде убадасын берип жатканда дагы “ой мен президент болсом ушул маселени ордуна келтирем” деп жөн эле убада берип койсочу. Ушуну айтканга саясий эрки, деңгээлдери жетпей жатат. Эми элдин негизги байлыгын сактап, элге пайдасы тие турган маселе боюнча бир сөз айтпай, анан мен силерди 6 жылда жыргатам деген сөз эмненин негизинде жаралып жатат?”- деп суроо салды.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: