Menu

Оюндан он жылга соттолуу же “Жаман атын жарга жазат” адаты

Бөлүшүү:

Бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей окуя алыскы Америкадан орун алды. Анда бир эргул кылаарга иши жокпу айтор Американын абдан абройлуу ажосунун эстелигине атын жазып “автограф” калтырган экен.

Тагыраагы, АКШнын Вашингтон шаарында 21 жаштагы Нуртилек Бакиров аттуу кыргыз жараны 18-сентябрь күнү вандализмге шектелип кармалды. Бул тууралуу New York Daily News басылмасы маалымат таратты. Андагы маалыматка ылайык, Нуртилек Бакиров АКШнын 16-президенти Авраам Линкольндун мемориалына “Нуртилек” деп кырып жазып салганы үчүн айыпталууда. Белгилей кетсек, Авраам Линкольн 1861-жылы АКШнын 16- президенти болуп шайланып, ал АКШнын Конституциясына көптөгөн кошумчаларды киргизип, кулчулукту түп- тамыры менен жойгон. Линкольн Американын тарыхында “улутту сактап калган президент” аталып, америкалыктардын пикирине караганда ал эң интеллектуалдуу президент жана азыркы  күнгө чейин өрнөк боло турган адам деп саналып келет.

Эгер Бакиров сот тарабынан күнөөлүү деп табылса 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн же 25 миң долларга чейин айып пул төлөйт. “Жаман атын жазат” дегендей, мындай өнөкөт “оору” айрыкча кыргыздарда калбай келе жатканы талашсыз. Илгертен аты-жөнүн жайлоолордогу аска-таштарга, көпүрө, арча- карагайларга, учурда айыл-кыштактар мындай турсун шаардагы  көчөлөргө, бак-дарактарга, отургучтарга, мектеп, жогорку окуу жайлардын дубал-парталарына, деги койчу, кайсы гана жерди карабайлы, аты-жөнүнөн тарта “баланча+түкүнчө”, андан ары уят сөздөр менен коштолгон жазуулар толтура кездешип келет.

Кыргызстанда бул боюнча азырынча кандайдыр бир кылмыш иш козголгонун уга элекпиз. Ал эми мыйзам сыйланган АКШнын шарты албетте, башка. Анын үстүнө кулчулукту түп-тамырынан бери жоюп, бир гана америкалыктардын эмес, дүйнөлүк тарых беттеринде калган инсандын  мемориалына мындай мамиле кылуу бир чети осолдук, экинчиден уят экени соцтармактарда талкууга алынууда. Аттиӊ, анан да бул эргулдун Кыргыз болуп чыкканы кандай өкүнүчтүү…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: